Аймак

ДУШАНБЕДЕ БАЗАРДЫН ОРДУНА 26 КАБАТТУУ КОМПЛЕКС КУРУЛАТ

ДУШАНБЕДЕ БАЗАРДЫН ОРДУНА 26 КАБАТТУУ КОМПЛЕКС КУРУЛАТ

 1,205 Бардыгы /

Душанбедеги «Жашыл базардын» ордуна 26 кабаттуу комплекс курулат.

Маалыматтарга караганда, «Ёкут мунаралары» деп аталган комплекстин биринчи жана экинчи кабаттарында кеңселер, ошондой эле бейтапкана жана бала бакча жайгашат. Калган 24 кабатында турак-жай батирлери болот.

Бириккен Араб Эмираттарынын Harmony art компаниясы даярдаган долбоорду ишке ашыруу менен «Ёкут-2000» курулуш компаниясы алектенген.

Дизайнерлердин айтымдарында, «Ёкут мунараларынын» долбоору Дубайдагы Dubai gate турак-жай комплексин элестетет.

Акыркы жылдары тажик борборунун архитектуралык көрүнүшү кыйла өзгөрдү. Шаардын негизги көчөлөрү эсептелген Рудаки жана Айни проспектилерин бойлой заманбап бийик кабаттуу имараттар тургузулууда.

Душанбенин башкы планы советтик архитекторлор тарабынан өткөн кылымдын 80-жылдары даярдалган. 2013-жылы шаардын жаңы башкы планы жактырылып, совет мезгилинде курулган борбордогу ондогон имараттарды бузуу чечими кабыл алынган.

www…

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17