Аймак

ПРОКУРАТУРА ТРАМПТЫН ИНАУГУРАЦИЯЛЫК КОМИТЕТИНЕН ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАЛАП КЫЛДЫ

ПРОКУРАТУРА ТРАМПТЫН ИНАУГУРАЦИЯЛЫК КОМИТЕТИНЕН ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАЛАП КЫЛДЫ

 1,012 Бардыгы /

Дүйшөмбүдө Нью-Йорктогу Федералдык прокуратура президент Дональд Трамптын инаугурациялык комитетинен анын ишмердүүлүгүнө байланышкан көптөгөн документтерди талап кылды. Бул тууралуу прокуратурадагы өз булактарына таянуу менен америкалык басылмалар билдиришти.

Маалыматка караганда, комитеттен инаугурациялык иш-чараларга кимдердин чакырылганы, ага кимдер акча бергени жана бул үчүн алар эмнелерди алганы тууралуу маалыматтар талап кылынууда. Тергөө иш-чараны өткөрүүгө чет өлкөлүк жарандардын акчасы жумшалган болушу мүмкүн деп шектенүүдө.

Дүйшөмбү кечинде инаугурациялык комитеттин өкүлү прокуратура документтерди талап кылганын ырастап, алар тергөө менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

​Бул иликтөө тууралуу алгачкылардан болуп декабрда Wall Street Journal гезити жазган. Анда Нью-Цорктогу Федералдык прокуратура Дональд Трамптын инаугурациясы үчүн жумшалган 107 миллион доллардын (АКШ тарыхындагы эң көп сумма) кандай сарпталганын териштирип жатканы айтылган. Ошондой эле бул акчалар максатсыз пайдаланылып, айрым донорлор Трамптын администрациясынын чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүү мүмкүндүгүнө ээ болгон болушу мүмкүндүгү белгиленген.

Бул тергөө менен Орусиянын АКШдагы шайлоо жараянына кийлигишүү ыктымалдыгы боюнча атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзүп жаткан тергөөнүн байланышы жок.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17