Аймак

БУЛАК: МИРЗИЁЕВ КУДАСЫН КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ТӨРАГА ОРУН БАСАРЫ КЫЛЫП ДАЙЫНДАДЫ

БУЛАК: МИРЗИЁЕВ КУДАСЫН КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ТӨРАГА ОРУН БАСАРЫ КЫЛЫП ДАЙЫНДАДЫ

 1,101 Бардыгы /

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2-февралда кудасы Батыр Турсуновду өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары кызматына дайындады.

Өз булактардын кабарлашынча, Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Жахангир Эгамов 25-декабрдагы жыйын маалында Мирзиёев тарабынан кызматтан алынып, Эгамов баш болгон Коопсуздук кызматынын жогорку даражадагы бир нече кызматкерине «Коррупция» беренеси менен кылмыш иштери козголгон. Бирок анда бул тууралуу ЖМКларда эч нерсе айтылган эмес.

72 жаштагы генерал Батыр Турсунов өлкөнүн ички иштер органдары менен коопсуздук кызматындагы эң белгилүү адамдардын бири болуп эсептелет. Эмгек тажрыйбасын өткөн кылымдын 80-жылдары КГБда баштаган Батыр Турсунов көптөгөн жылдар бою өлкөнүң коопсуздук органдарында иштеп келген.

Шавкат Мирзиёев 2016-жылы президент болуп шайлангандан кийин Турсунов Өзбекстан Улуттук гвардиясынын башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Батыр Турсуновдун уулу Ойбек Турсунов Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17