Аймак

КЕНТАВР” КЫРГЫЗСТАНДА КАЙРАДАН САТЫККА ЧЫГАРЫЛАТ  

КЕНТАВР” КЫРГЫЗСТАНДА КАЙРАДАН САТЫККА ЧЫГАРЫЛАТ   

 1,132 Бардыгы /

БИШКЕК. Белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын «Кентавр» көркөм тасмасы Кыргызстанда кайрадан сатыкка чыгарыла турпгандыгын өлкөнүн Кинематографияны колдоо фондусунан маалымдашты. Ошентип, аталган фильм көпчүлүктүн суроо-талабына жараша элназарына ушул жылдын 28-февралдан тартып кайрадан коюлат.

            Айтмакчы, «Кентавр» көркөм тасмасы 2015-жылы Кыргызстан, Франция, Германия жана Нидерланддар мамлекеттеринин биргелешкен аракети аркасында тартылган. Калк сынына 2017-жылы коюлган. Дүйнөлүк тушоосу ошол жылдын 10-февралында Берлиндеги эларалык кинофестивалында ийгиликтүү кесилген.

Өз элинин Улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына бекем жан үрөгөн Адамтууралуутасмадабашкы ролду режиссер Актан Арым Кубат өзү аткарган. Фильмге мындан тышкарыТаалайкан Абазова, Болот Тентимишов, Зарема Асаналиева,Илим Калмуратов, Нурали Турсункожоев, Максат Мамырканов дагы тартылышкан.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17