Аймак

ӨЗГӨНДӨ ОН ЖЕТИ ГЕКТАР ЧАРБА ЖЕРИ ЖЕР КӨЧКҮДӨН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ ТРАНСФОРМАЦИЯЛАНДЫ

ӨЗГӨНДӨ ОН ЖЕТИ ГЕКТАР ЧАРБА ЖЕРИ ЖЕР КӨЧКҮДӨН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ ТРАНСФОРМАЦИЯЛАНДЫ

 1,174 Бардыгы /

ОШ. Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнө караштуу 17,1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси “Калктуу конуштар” категориясына которулду. Бул жөнүндөгү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

– Бул айдоо аянты зилзаладан жана жер көчкүлөрүнөн жапа чеккендерге гана жеке турак жай куруп берүү максатында пайдаланылат. Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигине тийиштүү өзгөртүүлөргө ылайык, жер-каттоо документтерин белендөө жана курулуш иштерин алып баруу боюнча милдеттер тагылды, – деп кошумчалады Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Айтмакчы, 2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүндөгү Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, мунун кесепетинен 24 адам анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринин натыйжасында сегиз адамдын гана сөөгү араң табылган.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17