Аймак

КАЗАКСТАНДА СОТ «БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУ» ЧАКЫРЫГЫНА АЙЫПТАЛГАН ЖАРАНДЫ АКТАДЫ

КАЗАКСТАНДА СОТ «БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУ» ЧАКЫРЫГЫНА АЙЫПТАЛГАН ЖАРАНДЫ АКТАДЫ

 1,181 Бардыгы /

Актау шаардык соту бүгүн 39 жаштагы жергиликтүү тургун Айгүл Акбердиеваны актады. Ал өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» уюмунун telegram-чатына катышып, «бийликти басып алуу» чакырыгын жасаган деп айыпталган.

Адвокат Жанар Сундеткалиева айыпталуучу «кылмыштын курамы жок болгондуктан» акталганын билдирди. Буга чейин адвокаттар тергөөнүн жүрүшүндө тергөө органдары тарабынан бир топ мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен.

Адвокаттын айтымында, сот тергөө иштери менен алектенген органдын «тергөө маалында мыйзам бузгандыгы боюнча» жеке аныктама чыгарды. Азырынча өкүм күчүнө кире элек, прокуратура 15 күндүн ичинде ал боюнча даттана алат.

4-февралдагы отурумда акыркы сөзүн сүйлөгөн Акбердиева калктын социалдык абалы начар болгондуктан, бийликтин саясаты менен макул эмес экенин белгилеп, «бийликти басып алуу чакырыгы» тууралуу сот башталганда гана билгенин айткан.

Тараптардын жарыш сөзүндө Акбердиева соттон өзүн актоону өтүнүп, эч кандай чакырык жасабаганын, болгону өзүнүн пикирин гана айтканын билдирген. Өз кезегинде прокурор Акбердиеванын күнөөсү толугу менен далилденгенин айтып, аны беш жылга эркинен ажыратууну сураган.

Сот Акбердиевага каршы козголгон кылмыш ишин былтыр 24-сентябрда карай баштаган. Актау соту анын күйөөсү Абловас Жумаевди ушундай эле айыптар менен үч жылга эркинен ажыраткан. Декабрда апелляциялык сот ал өкүмдү күчүндө калтырган. Сотто Жумаев менен Акбердиева айыптоолорду четке кагып, бул иште саясий боёк бар экенин айтып келишет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17