Аймак

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ: АТАМБАЕВГЕ КАРШЫ КӨРСӨТМӨ БЕРИЛСЕ, АГА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛУШУ МҮМКҮН

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ: АТАМБАЕВГЕ КАРШЫ КӨРСӨТМӨ БЕРИЛСЕ, АГА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛУШУ МҮМКҮН

 1,300 Бардыгы /

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы сотто көрсөтмө берилсе, ага карата кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

«Кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө айтсам, бул жерде маселе кызмат адамдарына байланышкан кылмыш иштин алкагында гана каралат. Эгер сотто каршы көрсөтмө берилсе, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Азырынча андай көрсөтмө жок», – деди Сагынбаев.

Ал экс-президенттин макамы тууралуу мыйзам долбоору учурда парламентте каралып жатканын, анын жыйынтыгында кол тийбестик маселеси боюнча чечим кабыл алына турганын кошумчалады.

Былтыр октябрдын башында Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестигин кепилдеген «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу» мыйзамдын 12-беренесин Конституцияга каршы келет деп тапкан. Анда палата кол тийбестик алынышы мүмкүн экенин, бирок анын процедурасы импичменттен жеңил болбошу керектигин билдирген.

Кыргызстанда экс-президент макамына Роза Отурбаева менен Алмазбек Атамбаев ээ. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев революциядан кийин бул макамдан ажыратылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17