Аймак

«ENACTUS ЭАУ» КОМАНДАСЫ 200 МИҢ СОМДУК ГРАНТТЫ УТУП АЛДЫ

«ENACTUS ЭАУ» КОМАНДАСЫ 200 МИҢ СОМДУК ГРАНТТЫ УТУП АЛДЫ

 1,419 Бардыгы /

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин «ЭАУ Enactus» командасы Түштүк Кореянын «Good Neighbors» (“Жакшы коңшулар”) фондунун жана жаштар арасында социалдык ишкердикти илгерилетүү боюнча «Enactus Кыргызстан» долбоору менен биргеликте өткөргөн гранттар сынагына катышып келди.

Аталган сынак Бишкек шаарындагы “Достук” мейманканасында үстүбүздөгү жылдын 4-февралында өткөрүлдү. Жаштардын бизнес долбоорлорунун сынагына республиканын жогорку окуу жайларынын 9 командасы катышты. Жеңишке 3 команда ээ болушту. Алардын ичинде биздин «ЭАУ Enactus» командасы. Сынактын жеңүүчүлөрү өлкөбүздүн бир катар аймактарында өздөрүнүн социалдык долбоорлорун жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Биздин «ЭАУ Enactus» командасы Токтогул районунун Сары-Сөгөт айылында жергиликтүү эл үчүн 200 миң сом грантка наабайкана кура турган болду. Коомчулукка маалым болгондой, 2019-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы. Айтылып жаткан жылда «ЭАУ Enactus» командасы жакшы демилге менен жакшы салым кошо турган болду.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17