Аймак

БАЛДАР БАКЧАСЫНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

БАЛДАР БАКЧАСЫНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

 2,168 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Ушул жылдын 6-февраль күнү Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан шаардагы №4 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде “Балдар бакчасында катталган өрт кырсыгын жоюу” аттуу темада өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык ӨКБдин башчысы, полковник  Кубаныч ТОКТОСУНОВ билдирди.      

Билдирген маалыматка ылайык, машыгуунун мерчеми боюнча мекеменин ашканасында өрт чыккан жана өрттү байкап калган кызматкер өрткө каршы-кызматына (101) ге кабар берген. Балдар бакчасынын администрациясы өрт учурунда аракеттенүү планына ылайык, тарбиялануучуларды коопсуз жайга эвакуациялоо, баштапкы өрт өчүрүү каражаттары менен өрт кырсыгын өчүрүү иштерин уюштурду.

Машыгуу болгон жерге  ыкчам жетип келген өрт өчүрүүчү-куткаруучулар өрттү чалгындап, имаратта калгандарды куткаруу, өрт өчүрүү иштерин жүргүзүштү. Мындан тышкары шаардык  жарандык коргонуунун коомдук коопсуздукту сактоо, медициналык кызматтары тартылды. Машыгуунун жүрүшүндө балдар бакчасынын кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, практика жүзүндө өрт өчүргүч менен өрт өчүрүү көрсөтүлдү.

 “Аймак”                                                                            

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17