Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ САУД АРАБИЯ ПАДЫШАЧЫЛЫГЫНЫН МЕЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ МЕНЕН МЫНДАН АРЫ КЫЗМАТТАШУУ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАШТЫ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ САУД АРАБИЯ ПАДЫШАЧЫЛЫГЫНЫН МЕЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ МЕНЕН МЫНДАН АРЫ КЫЗМАТТАШУУ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАШТЫ

 1,317 Бардыгы /

САУД АРАБИЯ. Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчиси А. Жумабаев Сауд Арабия Падышачылыгынын Мажлиси Аш-Шуранын депутаты, Кыргызстан менен болгон парламенттик достук топтун жетекчиси Абдульазиз бин Абдулкарим Аль-Исса менен жолугушту.

Жолугушуу маалында тараптар Кыргыз-Сауд кызматташтыгын мындан ары активдештирүүнүн эң актуалдуу маселелерине, мунун ичинде соода-өнөр жай жана туризм жаатына өзгөчө токтолушту. Абдульазиз бин Абдулкарим Аль-Исса мырза Маджлиси Аш-Шур Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен мамилелерин активдештирүүгө кызыкдар экендигин дагы жашырган жок.

Акырында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчиси А. Жумабаев Кыргызстандагы саясий жана экономикалык абал тууралуу кыскача маалымат берип, Абдульазиз бин Абдулкарим Аль-Исса мырзанын эки мамлекеттин ортосундагы мамилелелердин бекемделишине кошкон зор салымын баса белгиледи.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17