Аймак

КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ШКУНУН БАШКЫ КАТЧЫСЫ ВЛАДИМИР НОРОВДУ КАБЫЛ АЛДЫ

КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ШКУНУН БАШКЫ КАТЧЫСЫ ВЛАДИМИР НОРОВДУ КАБЫЛ АЛДЫ

 1,088 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташуу Уюмунун (ШКУнун) Башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды.
Мамлекет башчысы Владимир Норовду ШКУнун Башкы катчысынын кызматына дайындалышы менен чын ыкластан куттуктап, анын жооптуу ишине ийгиликтерди гана тиледи.

Кыргыз Президенти Сооронбай Жээнбеков
он сегиз жылдык ишмердигинде ШКУ абройлуу Эл аралык уюмдардын сабында татыктуу орунду ээлегендигин, коопсуздук жана мамлекеттер аралык мамилелердин туруктуу өнүгүүсүн туруктуу камсыздоонун маанилүү фактору болуп калгандыгын баса белгиледи. Андан ары Кыргыз тарап ШКУ төрагалыгы алкагында активдүү иш жүргүзүп жаткандыгы, көптөгөн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тийиштүү түзүмдөр менен ийиндеше иштешип аткандыгы айтылды.

– Бишкекте 2019-жылдын июнь айында өтчү ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Саммитине чейин биз бардык тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, кадырлуу конокторду күтүүгө дээрлик даярбыз. Бүгүнкү күндө ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын отурумунда кол коюуга пландалган жыйынтыктоочу документтер иштелип жатат. ШКУга мүчө мамлекеттердин элдеринин өнүгүүсү үчүн бирдиктүү аракеттер жыйындын негизги бөлүгүн сапаттуу толтуруп, чоң ийгиликтерге жетишебиз жана бул иш-чараны сөзсүз жогорку деңгээлде өткөрөбүз деп бекем ишенем! – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал эми ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов анын Башкы катчы сыңары биринчи сапары бул жылы ШКУда төрагалык кылган Кыргызстанга болуп жаткандыгын өтө символикалуу деп белгиледи.

– Кызматка киришкенден берки башкы артыкчылыктуу багыт катары мен өзүм үчүн ШКУнун Саммитин жана анын алкагындагы тиешелүү иш-чараларды эң жогорку деңгээлде өткөрүүнү аныктадым. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы, жаштар Кеңешинин жетекчиси жана ШКУнун ишкердик Кеңеши менен жемиштүү жолугуштук. Бул кездешүүлөрдө биз Саммитке чейин чечиле турчу маселелердин бардыгын кенен-чонон талкууладык. Баарынан мурда – бул даярдала турган документтердин пакети, – деп баса белгиледи ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов.

Соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Норов саясат, коопсуздук, маданий жана гуманитардык байланыштар жаатындагы кызматташуу менен катар ШКУнун алкагында экономикалык дараметти мындан ары активдештирүү мүмкүнчүлүгүн дагы орой-чарай талкуулашты.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17