Аймак

ОШТУН МЭРИ ТҮРКИЯНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

ОШТУН МЭРИ ТҮРКИЯНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

 1,309 Бардыгы /

Бүгүн, 8-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Түркиянын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Жолугушууда экономика, саламаттыкты сактоо, туризм, маданият тармагында сөз болду. Түркиянын элчиси шаар аймагында заманбап мектеп куруу, материалдык муктаждыгы анык 4 оорулуу адамга акысыз операция жасатуу жана “Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” иш-чараларында маданий жактан колдоо сунуштарын айтты.

Мындан сырткары даяр долбоорлор болсо, ишке ашырууга жардам болоорун билдирди. Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов шаар бийлиги кызматташууга даяр экендигин айтып, ылайык келген бир канча долбоорлордун сунушу берилээрин айтып өттү.

“Түркия Ош шаарында буга чейин да мектеп куруп, эс алуу паркын оңдоп берген. Мындан кийинки кызматташууга даярбыз. Түркия менен Кыргызстандын мамилеси жакшы. Ынтымактуу мамилебиздин жыйынтыгы менен экономикалык, маданий байланыштарыбыз уланып жатат. Ошто футболго кызыккандар көп. Жаштарыбыздын спортко кызыгуусу күч алган. Шаар бийлиги да борбордук стадионду оңдоо аракетиндебиз. Сиздер тараптан да стадионду оңдоо иштерине жардам болсо жакшы болмок. Туризм, спорт, соода-сатык жана башка тармактардан да кызматташууга даярбыз. Ишкерлерге, инвесторлорго ар дайым эшигибиз ачык”,-деди мэр.

Элчи сунушталган долбоорлор менен тиешелүү адистер жакындан таанышып, жыйынтык болоорун билдирди.

“Аймак”

 

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17