Аймак

АКШнын СИРИЯДАГЫ СОЮЗДАШТАРЫ «ИМ» ТОБУНА КАРШЫ «АКЫРКЫ КАРМАШЫН» БАШТАДЫ

АКШнын СИРИЯДАГЫ СОЮЗДАШТАРЫ «ИМ» ТОБУНА КАРШЫ «АКЫРКЫ КАРМАШЫН» БАШТАДЫ

 974 Бардыгы /

АКШ колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү ишемби күнү «Ислам мамлекети» террордук тобунун көзөмөлүндөгү Сириядагы акыркы аймакка чабуулун баштады.

Сирия демократиялык күчтөрүнүн өкүлү Reuters агенттигине бул чабуул алардын «ИМ» тобуна каршы Сирия аймагындагы «акыркы кармашы» экенин айтты.

АКШ башында турган эл аралык коалиция Сириянын демократиялык күчтөрүнө, анын ичинде күрт кошуундарына абадан колдоо көрсөтүүдө.

«ИМ» тобунун жоочулары Сириянын Евфрат өзөнүнүн боюндагы беш чарчы чакырым жердеги бир нече айылды ээлеп турушат. Акыркы күндөрү ал жерлерден 20 миңдей карапайым адам көчүп кетти.

Эки жыл мурда жихадчылар Сириянын бардык түштүк-чыгышын көзөмөлдөп турушкан.

АКШ президенти Дональд Трамп кийинки жумада Сириядагы «Ислам мамлекети» террордук тобу көзөмөлдөп келген аймактар 100 пайыз бошотулганы расмий жарыялана турганын билдирген.

Трамп ага чейин Сириядан АКШнын аскерлери чыгарыла турганын жарыялап, анын бул чечими Конгресстеги демократтар менен республикачылардын сынына кабылган. Алар Сирияда «Ислам мамлекети» тобу кайра күчөйт деген кооптонууларын билдиришкен.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17