Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ КАТАРДЫН КАЙРЫМДУУЛУК ИШТЕР БОЮНЧА КЫЗМАТЫНЫН БАШКЫ МЕНЕДЖЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ КАТАРДЫН КАЙРЫМДУУЛУК ИШТЕР БОЮНЧА КЫЗМАТЫНЫН БАШКЫ МЕНЕДЖЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 837 Бардыгы /

ДОХА. Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Элчиси Нурлан Ниязалиев Катар Мамлекетинин кайрымдуулук иштер боюнча кызматынын Башкы менеджери Ибрагим бин Абдулла Аль-Дехайми менен жолугушту.

Сүйлөшүү маалында Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан социалдык жана экономикалык долбоорлор кызуу талкууланды. Элчи Нурлан Ниязалиев Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өлкөнүн эң алыскы аймактарында ар кыл социалдык мекемелерди куруу жана жергиликтүү калкка жардам берүү багытында биргелешкен иш-аракеттерди улантууну сунуштады.

Жолугушуунун соңунда бул сапар талкууланган маселелер боюнча биргелешкен аракеттерди өз ара координациялоо, ошондой эле мурда аткарылган долбоорлорго баа берүү жана учурдагы иштелип жаткандарга мониторинг жүргүзүү, болочокто чогуу иштешүү планын түзүү жана таанышуу иш сапарларын уюштуруу макулдашылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17