Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ПАКИСТАН СЕНАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ПАКИСТАН СЕНАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 917 Бардыгы /

 

ИСЛАМАБАД. Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Эрик Бейшембиев Пакистан Сенатынын төрагасы Садик Санжрани мененжолукту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, иш сапарлар менен алмашуу жана “Пакистан-Кыргызстан” парламенттик достук топторунун ишин жандандыруу, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү  маселелерин маңдай-тескей талкуулашты.

Соңунда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Эрик Бейшембиев Кыргыз-Пакистан мамилелеринин терең тарыхый тамырларын баса белгилеп, ЕАЭБ жана ЕБ ЖПС+ Программасынын алкагындагы Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык, ошондой эле Пакистандан Борбор Азияга чейин кыска унаа жолу аркылуу өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү туурасында дагы кененирээк маалымат берди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17