Аймак

БРЮССЕЛДЕ «BRUSSELS HOLIDAY FAIR» АТАЛЫШТАГЫ ЕВРОПАГЫ ЭҢ ЧОҢ ТУРИСТТИК КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

БРЮССЕЛДЕ «BRUSSELS HOLIDAY FAIR» АТАЛЫШТАГЫ ЕВРОПАГЫ ЭҢ ЧОҢ ТУРИСТТИК КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 1,613 Бардыгы /

       

БРЮССЕЛЬ. Брюссель шаарында «Brussels Holiday Fair» аттуу Европадагы эң чоң туристтик көргөзмө ачылды.  «Brussels Expo» көргөзмө комплексинде 350гө чукул экспонент көрөрмандарга жана катышуучуларга дүйнө жүзү боюнча 800гө  жакын туристтик багыттар боюнча сунуштарын тартуулап жатышат.

Бул туристтик көргөзмөдө КыргызстандынЭлчилигинин колдоосу аркасында биринчи жолу  ата мекендик «Номадстан» туристтик компаниясы катышып, Кыргыз Республикасынын туристтик дараметин, маданият жана жашоо-тиричилигин тартуулады. Көргөзмөнүн ачылыш аземине дипломатиялык өкүлчүлүктөр, жалпыга маалымдоо каражаттары жана ошондой эле туристтик багыттагы ири компаниялар, кадырлуу коноктор катышышты.

Аталган туристтик көргөзмөнүн уюштуруучуларынын маалыматына караганда, былтыр «Brussels Holiday Fair» көргөзмөсүнө 106 миңден ашуун көрүүчүлөр катталган. А быйылкы иш-чарада көрүүчүлөр саны мындан дагы өсүшү күтүлүүдө.

Ошондой эле Кыргызстандын туристтик дараметин мындан дагы жогорулатуу багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 2019-жылдын январь айында Брюссель шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кызматкерлери Кыргызстандык «Travel Land» жана «Kyrgyz Muras» туристтик компаниялары менен биргеликте «Amsterdam Fair for Special Journey 2019», «Vacantiebeurs 2019», жана ошондой эле  «Special Journeys Breda» 2019 аттуу көргөзмө-жармаңкелерине дагы абдан активдүү катышышты.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17