Аймак

ФУТБОЛ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН УЛУТТУК КОМАНДАСЫ ДҮЙНӨЛҮК ЭКИ ЧОҢ МЕЛДЕШКЕ КАТЫШАТ

ФУТБОЛ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН УЛУТТУК КОМАНДАСЫ ДҮЙНӨЛҮК ЭКИ ЧОҢ МЕЛДЕШКЕ КАТЫШАТ

 1,350 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргызстандын Футбол Федерациясынын Президенти Канатбек Маматов жана өлкөбүздүн Футбол боюнча Улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин жаңы келишимге кол коюшту.

Бул макулдашууга ылайык мындан ары Александр Крестинин Кыргызстандын Футбол боюнча Улуттук курама командасын 2022-жылы боло турган Дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылы өткөрүлчү Азия кубогуна дыкаат даярдайт.

– Ошентип, мындан ары ата мекендик жаш футболчуларга өзгөчө көңүл бурулат. Анткени, алар – Улуттук курама командабыздын болочогу. Камкордукка жараша биздин жоопкерчилигибиз дагы күчөйт. Ар-намыс менен үзгүлтүксүз машыгып, эки ири Эл аралык мелдеште тең жеңишти камсыз кылууга аракетибиз күч! – деди  Кыргызстандын Футбол боюнча Улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин.

            Маалыматка караганда, кызыкдар тараптар Кыргызстандын Футбол боюнча Улуттук курама командасына машыгуу үчүн керектелчү жетиштүү каражаттарды дагы бөлүп берүүгө даяр.

 

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17