Аймак

БИШКЕКТЕ «ТОЙ ҮЧҮН НАСЫЯ АЛБА!» ДЕГЕН АКЦИЯ ӨТТҮ

БИШКЕКТЕ «ТОЙ ҮЧҮН НАСЫЯ АЛБА!» ДЕГЕН АКЦИЯ ӨТТҮ

 1,050 Бардыгы /

БИШКЕК. Бишкек шаарында 11-февралга караган түнү активисттер насыя алып той өткөрүүгө каршы акция өткөрүштү. Анда шаардын ар кайсы жерине, өзгөчө банктардын кире беришине «Тойго насыя алба!» деп жазып кетишти.

– Биз банктардын ишмердүүлүгүнө каршы эмеспиз. Банкка келгендер биздин билдирүүнү көрсүн деген максатта жасадык. Азыр адамдар ишкерлик үчүн эмес, ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө насыя алып жатканы бизди тынчсыздандырат. Анан карызга батып, насыяны төлөш үчүн чет өлкөдө иштеп жүрүшөт, – деп жазышты уюштуруучулар.

Активисттер алардын үлпөт тойго, өлүм-житимге насыя алган ага-эжелери беш жылдан ашуун убактан бери карызын төлөй албай жатканын билдиришкен.

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны бир жылда жүз миңге көбөйгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын январь-июнь айларында 133 874 адам насыя алса, 2018-жылдын жарымында алардын саны 220 481 адамга жеткен.

Буга чейин Улуттук статистика комитети кыргызстандыктар той-аш өткөрүш үчүн жыл сайын 2 млрд. доллардан ашык акча жумшай турганын билдирген.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17