Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР ИШТЕП ЖАТАТ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР ИШТЕП ЖАТАТ

 3,459 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында мөмө жемиштерди жана жашылчаларды сактаган логистикалык борбор иштей баштады. 9-февралда Жалал-Абад JIA бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү борбордун иши менен таанышып чыгышты.

Бул борбордо 400 тоннага чейин азык-түлүк сактоого болот. Быйыл алгачкы жолу сыноо иретинде 120 тонна мөмөлөр, жер жемиштер сакталууда. Бир нече адамды жумуш менен камсыздаган бул борбор «Абил» ЖКЧсы тарабынан курулган.

Азыркы учурда логистикалык борбордо 15 тонна Пекиндин капустасы, 80 тонна Нарындын картошкасы жана 40 тонна алма сакталууда. Бул жай өткөн жылы Кытай жана Өзбекстан ишкерлеринин колдоосунун алкагында 110 миң долларга курулган.

-Биз негизинен мурунтан бери эле бизнес менен алектенип келген үй-бүлөбүз. Жолдошум айылда дыйканчылык менен алектенип, кийин өкмөттүк жумушка өтүп кеткен. Ишкана (“Абил” ЖЧКсы) 1994-жылы эле негизделген. Ишмердүүлүгү кызмат көрсөтүү, өндүрүш өндүрүү болгон. 2012-жылдан тартып, бул ишкана мага тиешелүү болуп, кызмат көрсөтүү ишмердигин улантканбыз. 2017-жылы Бишкек шаарында бизнес инвестициялык форум болуп калды. Ал жерде чындыгында көп ишкерлерге жол ачылган. Мен да ошол жерден өзбекстандык өнөктөштөрдү таап, келишимдерди түзгөнбүз. 2018-жылдын январь айынан тартып курулуш иштери башталып, июнь айында аяктады. Негизинен логистикалык борбор Жалал-Абад элине керек болгондуктан ачууну туура көрдүк.    

Мисалы азыр биз сактап жаткан жемиштерди эле алсак, картошканы 4 айга чейин, алманы 6 ай, капустаны 90 күнгө чейин муздаткычта сапатын жоготпой кармап турууга болот. Бардык эле мөмө, жер жемиштерди үзгөндөн кийин бир күн сыртка коюш керек. Бул учурда алардан керексиз газдар чыгып кетет. Ошондо продукция өз калыбында сакталат”,-дейт аталган логистикалык борбордун жетекчиси Гүлназ Эргешова.

Кошумчалай кетсек, логистикалык борбор Өзбекстандык ишкерлердин колдоосу менен жеке ишкер алган насыяга курулган. Ага жалпы 110 миң доллар сарпталган.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17