Аймак

ТҮРКИЯ ЭЛЧИСИ ЭАУга РАСМИЙ ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛИП КЕТТИ

ТҮРКИЯ ЭЛЧИСИ ЭАУга РАСМИЙ ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛИП КЕТТИ

 1,691 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында Түркия Республикасынын Бишкектеги толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат жана Түркиянын кызматташтык агенттигинин Бишкектеги координатору Али Муслу Жалал-Абад областына болгон иш сапарында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке (ЭАУ) келип кетишти.

Алар менен бирге окуу жайга Түркия элчилигинин 2 катчысы жана 2 атташеси да келип кетишти. Түрк туугандар университеттин, анын ичинде ЭАУнун э.и.д., профессор Туран Язган атындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун, Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин жана Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин ишмердиги менен таанышып чыгышты. Бул расмий сапардын алкагында жакынкы мезгилде кыргыз-түрк кызматташуусунун бир катар долбоорлору Жалал-Абад областында жүзөгө ашырылмакчы: экономика, ишкердик, маданият, илим-билим ж.б. тармактарда. Анын ичинде бул кызматташтыктын бир катар долбоорлоруна К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет да кошулат. Кыргыз-түрк кызматташуусу бекемдей берсин

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17