Аймак

ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

 1,465 Бардыгы /

Бүгүн, 12-февралда Жалал-Абадда Улуттук банктын “Финансылык сабаттуулук кербени” деген семинар болуп өттү.

Семинарга банктын кызматкерлери, бизнес өкүлдөрү катышты. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М. Акматовдун сөзү менен башталды.

Ал өз сөзүндө 2019-жылы Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында  бирдиктүү электрондук терезе менен иштөө жана Жалал-Абадда дагы өнүгүү керектигин айтып өттү.

Андан сырткары УБнын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын жетекчиси  Кусейин Акимбеков бул жөнүндө:

Семинардын негизги максаты 2019-жылы аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата Улутук банк дагы аймактарда финансылык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча финансылык сабаттуулук кербени деген иш-чара өткөрүлүп жатат.  Жалал-Абад шаарында бизнес өкүлдөрү, банк кызматкерлери катышып жатышат. Жарандарыбызды финансылык сабаттуулукка үйрөттүүгө, заманбап технологиялардын өнүгүшү менен карточкаларды колдонууну биздин адисттер үйрөтүп жатышат.”- деди К. Акимбеков

Негизи банк, мекеме-уюмдардын кызматкерлерине жакшы долбоор экен. Банкты өнүктүрүү, акчаны пландоо жана туура пайдалануу боюнча кенен маалыматтар берилди. Максаттуу үнөмдүү пайдалануу жактарын көргөзүп жатат. Мындай семинарлар Жалал-Абадда болуп жатат, алдыда региондордо болсо дагы да жакшы болот.” – дейт семинардын катышуучусу Капиталдык курулуш департаментинин башкы эсепчиси  Алмаз Орунбаев

Улуттук банктын  кызматкерлери тарабынан коюлган презентациялар коюлуп, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча кенен маалымат берилди.

Акылай КАРАБАЕВА,“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17