Аймак

КАДАМЖАЙДА РАЙСОТТУН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

КАДАМЖАЙДА РАЙСОТТУН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

 926 Бардыгы /

БАТКЕН. Кадамжай райондук сотунун жаңы имаратынын жерпайы түптөлдү. Бул иш-чарага Баткен облусунун жана Кадамжай районунун тийиштүү жетекчилери катышты. 

Маалыматка караганда, жаңы имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 14 миллион 869 миң сом ажыратылды. Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын августунда – Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата толук бүткөрүлөт.

Кадамжай райондук сотунун эски имараты 1958-жылы курулган. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авариялык акыбалда, пайдаланууга таптакыр жараксыз деп тапкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17