Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА МУГАЛИМДЕРДИ ЖУРНАЛГА ЖАЗЫЛУУГА МАЖБУРЛАГАН ДИРЕКТОР ИШТЕН АЛЫНДЫ

ӨЗБЕКСТАНДА МУГАЛИМДЕРДИ ЖУРНАЛГА ЖАЗЫЛУУГА МАЖБУРЛАГАН ДИРЕКТОР ИШТЕН АЛЫНДЫ

 1,139 Бардыгы /

Өзбекстандын Ташкент облусунда мугалимдерди мезгилдик басылмаларга жазылууга мажбурлаган мектеп директору иштен алынды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өлкөнүн Элдик билим берүү министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты.

Териштирүүнүн жүрүшүндө Ташкент облусунун Янгиёл районундагы №10 мектептин директору Шовкатжон Риззаев мугалимдерди бир нече журналга жазылууга мажбурлаганы аныкталган.

Буга байланыштуу Ташкент облустук билим берүү башкармалыгынын башчысынын буйругу менен мектеп директору иштен алынды.

«Былтыр декабрда мугалимдерди калктын тизмесин түзүү иштерине тарткандыгы үчүн мектеп жетекчисине сөгүш жарыяланган. Бирок бул ага сабак болгон эмес экен. Быйыл январда мугалимдерди сегиз журналга жазылууга мажбурлаган», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17