Аймак

СОВЕТ АСКЕРЛЕРИН ООГАНСТАНДАН ЧЫГАРЫЛГАНЫНА – 30 жыл

СОВЕТ АСКЕРЛЕРИН ООГАНСТАНДАН ЧЫГАРЫЛГАНЫНА – 30 жыл

 2,078 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 13-февралда Барпы театрында Сузак районунун Советтик аскерлердин ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдык маарекеси белгиленди.

Аталган иш-чарага Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.Омошев, Ооган согушунун ардагерлери жана ардагерлердин жалпы жакындары катышты.

-Быйылкы жылы советтик аскерлердин ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдык маарекеси жер-жерлерде салтанаттуу белгиленүүдө. Бүгүнкү белгиленип жаткан иш-чара Сузак райондук масштабдагы иш-чара болуп жатат. Бул күнгө карата райондо (айыл өкмөттөр аралык) улак оюну боюнча турнир өтүп, бүгүн финалдфк бөлүгү болуп жатат. Областтык деңгээлдеги иш-чара буйруса  20-февраль күнү чоң масштабда белгиленет” – дейт, Толубай Энназаров Жалал-Абад областтык Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы.

Кошумчалай кетсек, иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүнөн кийин Барпы театрынын эмгек жамаатынан инсценировкалар, сахналык көрүнүштөр аткарылып, концерттик программа менен коштолду.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17