Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
4,165 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 13-февраль Жалал-Абад шаарындагы 704- аскер бөлүгүндө окуучулар үчүн ачык эшик күнү болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаардык мектептерден 10-11 класстарынын, балдар лицейинин окуучулары, кесиптик лицейдин студенттери катышты. Иш-чарада атайын техникалар жана курал жарактар менен кенен тааныштырышты. Жоокердин бир күндүк турмушун көргөзүп, аскердик формаларын да бирден көргөзүштү. Казарма, спорт зал, ашкана жана жоокерлерге […]
4,166 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 13-февраль Жалал-Абад шаарындагы 704- аскер бөлүгүндө окуучулар үчүн ачык эшик күнү болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаардык мектептерден 10-11 класстарынын, балдар лицейинин окуучулары, кесиптик лицейдин студенттери катышты. Иш-чарада атайын техникалар жана курал жарактар менен кенен тааныштырышты. Жоокердин бир күндүк турмушун көргөзүп, аскердик формаларын да бирден көргөзүштү. Казарма, спорт зал, ашкана жана жоокерлерге […]
704-АСКЕР БӨЛҮКТӨ АЧЫК ЭШИК КҮНҮ ӨТТҮ
13.02.2019 / Автор aymak4,167 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 13-февраль Жалал-Абад шаарындагы 704- аскер бөлүгүндө окуучулар үчүн ачык эшик күнү болуп өттү.
Ага Жалал-Абад шаардык мектептерден 10-11 класстарынын, балдар лицейинин окуучулары, кесиптик лицейдин студенттери катышты.
Иш-чарада атайын техникалар жана курал жарактар менен кенен тааныштырышты. Жоокердин бир күндүк турмушун көргөзүп, аскердик формаларын да бирден көргөзүштү. Казарма, спорт зал, ашкана жана жоокерлерге өтүлгөн сабактардан дагы кыскача өтүп беришти.
Окуучулар үчүн бул нерсе патриоттук сезимди козгосо, экинчи жагынан уул балдар үчүн мекен алдында кызмат кылуу милдет экенине ынандырышты. Алар курал жарактарга жана техникаларга кызыккандыгын билдирип, кармап көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.
“Биз көп нерселерди биле алдык. Курал жарактарын, машиналарды да тереңден тааныштырышты. Келип көбөсөн корко берет экенсиң,көргөндөн кийин кандайдыр бир башкача сезимдер болуп, өзүңө ишенимдүү боло баштайсың. Жашыбыз жетсе, бизди аскерге келебиз деген ойлор бар. Аскердик жашоону биринчи жолу көрүп жатабыз. Бизге дагы кандайдыр бир деңгээлде даярдык десем болот.”-дейт Бабыржан Мухаммедов, окуучу.
“Бул жакта кызмат кылган аскерлерди туура чечим чыгарган деп ойлойм. Анткени бул жакта бардык ишти так, туура жасоону үйрөтөт эмеспи. Мен да бул тармакка кызыгам. Ар бир аскердин тыкандыгын көрүп, алардан үлгү алсак болот деп ойлойм. Бизге баарын көргөзүп чыгышты, шарттары жакшы экен.”- дейт Айжан Кожобекова, окуучу.
Мугалимдер бул иш-чараны колдоп, окуучулардын мекенге болгон сүйүүсүн арттырууга жана мекенчилдикке тарбиялай турган жакшы жөрөлгө экендигин белгилеп өтүштү.
“Жылда ушул ачык эшик күнү уюштурулат, окуучуларды алып келебиз. Балдарга зор таасир калтырат, себеби балдарга аскерге чейинки даярдоо сабагын өтүп жатканда дагы сурап калышат. Агай бул кандай, мындай болобу? деген сыяктуу суроолорду беришет. Булар практикалык жактан көрүшүп армияга даяр болот. Аскерге барса болот экен деп калышат. Элдер ар түрдүү айтышат, башкача пикирлер болушу мүмкүн, өз көзү менен көрүшү керек”- дейт Кубаныч Кулиев, мугалим.
“Биздин 704-аскер бөлүгүндө ачык эшик күнү иш-чарасы болуп жатат. Буга чейин биздин планда көрсөтүлгөндөй ар жылы ушул күн өткөрүлүп турат. Жаштардын кыргыз армиясына келип кызмат кылуусун, курал жарактары жана аскер техникалары, чоң жетишкендиктерди даңазалоо максатында болуп жатат. Бул иш-чаранын өткөрүлгөн себеби биздин жаш муундарды аскердин бир күндүк жашоосу менен тааныштыруу. Жаш уландарга мектепти аяктагандан кийин мекенди коргоп, армияда кызмат кылуусу жигиттик милдети экендигин көргөзүү”- дейт М. Алымбаев, гвардиянын капитаны.
Андан сырткары баскынчыларды кармаган көрүнүштү жана коргонуу ыкмаларын көргөзүп беришти.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
23.11.2023 / Автор anarkan_kg МОСКВАДА ӨЗБЕКСТАНДЫК МИГРАНТТАР КАТЫШКАН ЖАПЫРТ МУШТАШ БОЛДУ
-
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.