Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,450 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Сяо Цинхуаны өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы Кыргызстан эки тараптуу кызматташууга жана көп тармактуу стратегиялык өнөктөштүккө абдан чоң маани берээрин дагы бир ирет баса белгиледи. – Биз Си Цзиньпин менен болгон достукту жана эки өлкө элдеринин ортосундагы ынтымакчылыкты абдан жогору баалайбыз! […]
1,451 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Сяо Цинхуаны өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы Кыргызстан эки тараптуу кызматташууга жана көп тармактуу стратегиялык өнөктөштүккө абдан чоң маани берээрин дагы бир ирет баса белгиледи. – Биз Си Цзиньпин менен болгон достукту жана эки өлкө элдеринин ортосундагы ынтымакчылыкты абдан жогору баалайбыз! […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КЫТАЙ ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ
13.02.2019 / Автор aymak1,452 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Сяо Цинхуаны өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы Кыргызстан эки тараптуу кызматташууга жана көп тармактуу стратегиялык өнөктөштүккө абдан чоң маани берээрин дагы бир ирет баса белгиледи.
– Биз Си Цзиньпин менен болгон достукту жана эки өлкө элдеринин ортосундагы ынтымакчылыкты абдан жогору баалайбыз! 2019-жыл Кыргыз-Кытай мамилелериндеги абдан маңыздуу жылдардан болот деген үмүтүбүз чоң. Биз бир катар иш-чараларды өткөргөнү жатабыз. Булардын эң эле маанилүүсү: Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити жана Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында ШКУга мүчө мамлекеттердин Бишкек шаарындагы Саммити, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити жана ШКУнун Саммити жогорку деңгээлде өтүп, эки жана көп тараптуу мамилелерге жаңы дем-кубат берээрине ишенгендигин дагы жашырган жок. Ал эми Элчи Сяо Цинхуа Кыргызстанда иштеген жылдары өлкөнү жана анын элин, салт-санаасын абдан жылуу кабыл алгандыгын баса белгилеп, КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин эң жакшы каалоо-тилектерин дагы Кыргыз Президентине билдирди.
– 2018-жылы Сиз КЭРге ийгиликтүү мамлекеттик визит менен барып-келгенсиз. Эки мамлекеттин башчылары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты оожалтуунун так багытын бердиңиздер. Сиз дайым Кытайга өзгөчө көңүл буруп, колдоо сөзүн айтып келесиз. Кытай келечектүү жана туруктуу өнүгүүнү гана бекем кубаттайт. Ошондой эле ар дайым Кыргызстандын досу жана узак мөөнөттүү өнөктөшү бойдон кала берет! — деди Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Сяо Цинхуа.
Соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын Элчиси Сяо Цинхуа Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, аймактар аралык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү жаатында дагы олуттуу пикир алышты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
17.08.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЫЛАНДЫН УУСУН МЫЙЗАМСЫЗ СООДАЛООГО ДАЛАЛАТ КЫЛЫШКАН
-
-
28.08.2023 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯНЫН ТЕРГӨӨ КОМИТЕТИ ЕВГЕНИЙ ПРИГОЖИНДИН ӨЛҮМҮН ТАСТЫКТАДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.