Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ КОРЕЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫНА ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫН ТАПШЫРДЫ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ КОРЕЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫНА ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫН ТАПШЫРДЫ

 1,546 Бардыгы /

КОРЕЯ. Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын бул мамлекеттеги Элчиси Динара Кемелова Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Чанг Джае-Бокко Ишеним Грамотасын тапшырды.

Андан аркы сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Чанг Джае-Бок Динара Кемелованы Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчиси болуп дайындалышы менен чын ыкластан куттуктап, жооптуу ишинде жалаң гана ийгиликтерди каалады. Ал эми Кыргыз Элчиси Динара Кемелова жогорку даражадагы сапарларды уюштуруу зарылчылыгын баса белгилеп, буга улай Кыргызстандын туристтик дарамети жөнүндө дагы кеңири баян этти. Тараптар саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык өңүттөгү байланыштарды мындан ары жакшыртуу жагын дагы өз ара макулдашышты.

Ушул эле күнү Кыргыз Элчиси Динара Кемелова Казакстан, Туркменистан жана Тажикстан республикаларынын Кореядагы Элчилери менен дагы кездешип, масилет курду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17