Аймак

ТАЖИК АТКАМИНЕРИ АЯЛДАРДЫН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ АТ САЛЫШУУСУНА КАРШЫ ЧЫКТЫ

ТАЖИК АТКАМИНЕРИ АЯЛДАРДЫН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ АТ САЛЫШУУСУНА КАРШЫ ЧЫКТЫ

 1,178 Бардыгы /

Тажикстандын Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрайымы Махбуба Азимова кийинки президенттик шайлоого аялдардын талапкерлигин коюусуна каршы экенин билдирди.

Анын айтымында, «тажик аялдары коомдогу аялдардын ролун жогорулаткандыгы үчүн мамлекет башчы Эмомали Рахмонго чексиз ыраазы болушу керек».

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 2020-жылы күзүндө өтүшү керек. Былтыр өлкөнүн «Президентти шайлоо тууралуу» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, 2020-жылкы шайлоого президент Эмомали Рахмон да, ал мезгилге карата 33 жашка толо турган анын уулу Рустам Рахмон дагы катыша алат.

Эмомали Рахмон өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келет. Ал президенттик шайлоолорго катары менен төрт жолу катышкан.

2013-жылкы президенттик шайлоого Тажикстандын тарыхында биринчи жолу аял киши талапкерлигин коюуга аракет кылган. Бирок учурда өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы тарабынан көрсөтүлгөн белгилүү укук коргоочу Ойнихол Бобоназарова каттоо үчүн керектүү сандагы (210 миң) кол топтой алган эмес.

Ал ​Махбуба Азимованын аялдардын президенттик шайлоого талапкер катары катышуусуна каршы билдирүүлөрү бардык тажик аялдарын кемсинтет деп эсептейт. Белгилүү укук коргоочу кайрадан президенттикке ат салышууга даяр экенин, бирок өлкөдөгү бир дагы саясий партия анын талапкерлигин көрсөтүүнү каалабастыгын билдирди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17