Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ЖОГОРКУ АВСТРИЯ ФЕДЕРАЛДЫГЫНЫН ИШКАНА ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ЖОГОРКУ АВСТРИЯ ФЕДЕРАЛДЫГЫНЫН ИШКАНА ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 1,257 Бардыгы /

АВСТРИЯ. Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов республикабыздын гидроэнергетикасына, тамак-аш өнөр жайына жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө инвестицияларды жана технологияларды тартуу максатында Жогорку Австрия федералдыгына сапарлады. Мунун алкагында Кыргыз Элчиси “Global Hydro”, “Hochreiter” жана “ReformWerke” ишканаларынын жетекчилери менен атайын сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Чакан жана орто ГЭСтерди курууга адистешкен “Global Hydro” компаниясы менен жолугушуу маалында Кыргыз Элчиси Бакыт Жусупов компанияга Кыргызстандын гидроэнергетикалык долбоорлорун жүзөгө ашырууга катышуусун, ошондой эле “Бишкек” эркин экономикалык аймагында компаниянын өндүрүш түйүнүн ачуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады. “Global ГЭС” компаниясынын жетекчилиги сунуштарга кызыккандыгын айтып, Кыргызстандын гидроэнергетикалык долбоорлорун ишке ашырууга катышуу үчүн өзүнүн даяр экендигин дагы ырастады.

Андан ары Кыргыз Элчиси Бакыт Жусупов эт, тамак-аш жана колбаса өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин бирине айланган “Hochreiter” компаниясындагы өндүрүш тармактары менен кең-кесири таанышты. Жолугушуу маалында Кыргыз Элчиси тажрыйба топтоо жана технологиялык жактан маалымат алмашуу максатында Кыргыз ишкерлери менен кызматташтыкты түзүүнү сунуш этти.

Ал эми тоолуу айыл чарба жана муниципалдык муктаждыктар үчүн атайын техника чыгарган “ReformWerke” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргыз Элчиси Бакыт Жусупов атайын техникаларды Кыргыз фермерлерине жана муниципалдык ишканаларга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Соңунда Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов бул сүйлөшүүлөрдүн жүзөгө ашыруу максатында аталган компаниялардын өкүлдөрүн үстүбүздөгү жылдын экинчи жарым жылдыгында Вена шаарында өтө турган эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча Кыргыз-Австрия Биргелешкен комиссиясынын 7-отурумунун алкагында өтө турган Кыргыз-Австрия Бизнес Форумуна катышууга чакырды.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17