Аймак

ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ДОСУНУН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАҢЫ ӨКҮЛҮ МЕНЕН КЕЗДЕШТИ

ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ДОСУНУН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАҢЫ ӨКҮЛҮ МЕНЕН КЕЗДЕШТИ

 1,358 Бардыгы /

 БИШКЕК. Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун (ДСУнун) Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк Кеңсесинин Башчысы Назира Артыкова менен жолугушуп, аны бул жооптуу кызматка дайындалашы менен чын ыкластан куттуктады.

Жолугуу маалында тараптар Саламаттык сактоо жаатында туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн Кыргызстан менен ДСУнун келечектеги кызматташтыгы туурасында дагы кең-кесири пикир алышты. ДСУнун Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк Кеңсесинин Башчысы Назира АртыковаДүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы иш-аракетинин эң башкы артыкчылыктары жана болочоктогу пландары туурасында дагы тыкыр маалымдады.

Соңунда Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов калктын ден соолугунун деңгээлин көтөрүү, саламаттык сактоо тармагын реформалоо, калктын сапаттуу медициналык кызматтарына жетишүүсүн жогорулатуу жаатында Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстанга көрсөтүлгөн туруктуу колдоосуна терең ыраазычылыгын билдирди.

 

  Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17