Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА КОЛ КҮРӨШ БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ ӨТӨТ     

ЖАЛАЛ-АБАДДА КОЛ КҮРӨШ БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ ӨТӨТ     

 3,561 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 2019-жылдын 2-мартында  Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата  Жалал-Абад облусунда кол күрөш боюнча чемпионат өтөт. Бул тууралуу областтык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.

Кол күрөш спортун областта жайылтуу, жаштар арасында достук, ынтымакташтыкты бекемдөө, жаштарды дайыма спорт менен машыгууга үндөө, катышкан спортсмендердин мыктысын аныктоо максаттарын көздөгөн мелдеш Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда өтөт.

Аталган мелдешке заявка тапшыруу 1-мартка чейин, ал эми каттоо 1-март күнү 13:00дөн 16:00гө чейин таразага тартуу менен тандалат. Ал эми мелдеш 2-март күнү саат 10:00дө башталат. 

Мелдешке катышуучуларга эскертме:

  • Юниор (оң кол) 45,55,65 + 65кг, сол кол (абсолюттук)
  • Сениор (оң кол) 60,70,80 + 80кг, сол кол (абсолюттук)
  • Кыз-келиндер (оң кол) 55+55кг, сол кол (абсолюттук)
  • Ардагерлер (мастер) 40-50 жашка чейин (оң кол, сол кол)
  • Гранд мастер 50-60 жашка чейин (оң кол, сол кол)
  • Сениор гранд мастер 60 жаштан жогору (оң кол, сол кол)
  • Аялдар +40 жаш (оң кол, сол кол, абсолюттук)
  • (ДМЧА) туруп күрөшүү эркектер (оң кол, сол кол, абсолюттук)
  • (ДМЧА) олтуруп күрөшүү эркектер (оң кол, сол кол, абсолюттук)
  • (ДМЧА) туруп күрөшүү кыз-келиндер (оң кол, сол кол, абсолюттук)
  • (ДМЧА) олтуруп күрөшүү кыз-келиндер (оң кол, сол кол, абсолюттук)

Мелдештин жеңүүчүлөрү Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан медаль жана диплом менен сыйланат. Ал эми командалык эсептин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү командалар кубок менен сыйланышат.

 Сурап билүү: 0770 62 48 48, (03722) 7-19-72

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17