Аймак

ЖАПОНИЯДА ЭҢ ИРИ «FOOD TABLE IN JAPAN» КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТҮП ЖАТАТ

ЖАПОНИЯДА ЭҢ ИРИ «FOOD TABLE IN JAPAN» КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТҮП ЖАТАТ

 887 Бардыгы /

ТОКИО. Тиба шаарындагы Жапониянын Макухари Мессе Көргөзмө Комплексинде тамак-аш азыктарынын бул өлкөдөгү эң ири көргөзмөсү «Food Table in Japan» даген аталышта өтүп жатат. Бул иш-чарага Кыргызстандын «Нектар», «Нарын Уюк», «Aman Green Food», «Мол Түшүм» компаниялары дагы катышып, өзүнүн эң уникалдуу бал азыктарын тартуу кылууда.

Баса, Кыргыз компаниялардын Японияга барып-келүүсү Жапониянын Орусия жана Жаңы эгемен мамлекеттер менен соода жүргүзүү боюнча Биримдигинин (РОТОБО) чакыруусу жана колдоосу аркасында гана уюштурулду.

Кыргызстандын Жапониядагы Элчилиги Кыргызстан менен бизнес жүргүзүүгө кызыкдар элүүдөн ашуун Кыргыз Жапон компанияларынын жана уюмдарынын өкүлдөрүн көргөзмөгө чакыруу иштерин уюштуруп, алар үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Кыргыз компанияларынын стэндине учурап кайтышты.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17