Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ӨЗБЕКСТАНДЫН БАШКЫ БАЖЫЧЫСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ӨЗБЕКСТАНДЫН БАШКЫ БАЖЫЧЫСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 1,138 Бардыгы /

ТАШКЕНТ. Кыргызстандын Өзбекстандагы  Элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстандын Мамлекеттик Бажы комитетинин төрагасы Муротжон Азимов менен жолугушту.

Кездешүү маалында тараптар жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын так аткарылышы, 2018-жылдын 18-декабрында Ош шаарында өткөн Кыргызстан Өзбекстан чек ара аймактарынын башчыларынын Кеңешинин Экинчи отурумунда бекитилген Кыргыстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну күчөтүү максатында кабыл алынган “Жол картасынын” Бажы кызматташтыгына тийиштүү  бөлүктөрүнүн жүзөгө ашырылышы жаатында дагы өз ара маалымат алмашышты.

Соңунда эки өлкөнүн Бажы кызматтарынын мындан ары  кызматташуусу туурасындагы маселелер жабык эшик артында талкууланды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17