Аймак

УЛУТТУК КЫЗЫЛ АЙ КООМУ БАТКЕН ОБЛУСУНА МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДУУЛАРДЫ ТАПШЫРДЫ

УЛУТТУК КЫЗЫЛ АЙ КООМУ БАТКЕН ОБЛУСУНА МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДУУЛАРДЫ ТАПШЫРДЫ

 5,689 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай Коому Баткен облусунун Кадамжай жана Лейлек райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун көз дарыгерлеринин кааналарына заманбап медициналык диагностикалык жабдууларды тапшырды.

Баса, тапшырылган щелевая лампа жана авторефкератометр жабдуулары көздүн көрүүсүнө койгон диагноздун сапатын кыйла эле жогорулатат. Иш-чарага катышкан Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова аталган уюмдун жетекчилигине Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ыраазычылык Катын тапшырып, атайын китептерди дагы белекке тартуулады. Айтмакчы, алыскы аймактардын көз дарыгерлерин медициналык диагностикалык жабдуулар менен камсыздоодемилгеси Кыргызстандын Кызыл Ай Коому жана Швейцария Кызыл крест коомунун колдоосу аркасында “Кыргызстандын Түштүк облустарынын аялуу катмарына офтальмологиялык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүлүгүн жакшыртуу”  долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылып жатат.

Айтмакчы, буга дейре Улуттук Кызыл Ай коомунун колдоосу менен Баткен облустук бириккен ооруканасында көз оорулар бөлүмү ачылып, ушул тапта көз ооруларын дарылоо жана  операциялар  абдан ийгиликтүү жасалып келатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17