Аймак

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ БАВАРИЯНЫН ЖЕР ПАРЛАМЕНТИНИН ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ БАВАРИЯНЫН ЖЕР ПАРЛАМЕНТИНИН ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 1,893 Бардыгы /

МЮНХЕН. Мюнхен шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бавариянын Жер Парламентинин   (Ландтагдын) вице-президенти Карл Фреллер менен кездешти.

Жолугушуу маалында Кыргызстан менен Бавариянын Жер Парламентинин   (Ландтагдын)ортосундагы мындан аркы кызматташууну кеңейтүү маселеси катуу каралды. Буга улай Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана парламенттик демократиянын бекемделиши туурасында маалымат берди.

Мындан тышкары Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Мюнхен шаарында өтө абройлуу «BayWa AG» компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы, профессор Клаус Йозеф Лутц менен дагы жолугушту. Анда Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын Европага экспорттоо, Чакан ГЭСтерди курууну көбөйтүү өңдөнгөн маселелер дагы орой-чарай талкууланды.

Бул жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Бавариядагы Ардактуу консулу Р.Крэммель катышты.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17