Аймак

КАТАРДЫН ШЕЙХИ КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ  

КАТАРДЫН ШЕЙХИ КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ   

 1,228 Бардыгы /

 ДОХА. Доха шаарында Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани Кыргызстандын Элчиси Нурлан Ниязалиевди кабыл алды.

Аудиенциянын жүрүшүндө Кыргыз Элчиси Нурлан Ниязалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун ысык саламын жеткирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында баян этти. АКатар Мамлекетинин Эмири Кыргыз-Катар мамилелерин тереңдетүү боюнча аткарылып жаткан аракеттерди кубаттап, Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарында ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин жашырган жок.

Жолугушуунун жыйынтыгында Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани Элчи Кыргыз Элчиси Нурлан Ниязалиевге Кыргыз-Катар мамилелерин өнүгүүсүүнө кошкон салымы үчүн «Аль-Ваджба» орденин ыйгарып, маанилүү милдеттенмелерди аткарууда ийгиликтерди гана тиледи.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17