Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,799 Бардыгы / БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алып, өлкөбүздөгү жалпы, баштапкы, атайын орто жана жогорку билим берүүнүн учурдагы сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулады. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдашынча,1390 мектепке чейинки мекемелерде 187 миң бала тарбияланат. Оптимизациянын натыйжасында мектептердин алдында 7358 бала окуган мектепке чейинки 100 […]
1,800 Бардыгы / БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алып, өлкөбүздөгү жалпы, баштапкы, атайын орто жана жогорку билим берүүнүн учурдагы сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулады. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдашынча,1390 мектепке чейинки мекемелерде 187 миң бала тарбияланат. Оптимизациянын натыйжасында мектептердин алдында 7358 бала окуган мектепке чейинки 100 […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨКМӨТ МҮЧӨСҮ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ
15.02.2019 / Автор aymak1,801 Бардыгы /
БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алып, өлкөбүздөгү жалпы, баштапкы, атайын орто жана жогорку билим берүүнүн учурдагы сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулады.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдашынча,1390 мектепке чейинки мекемелерде 187 миң бала тарбияланат. Оптимизациянын натыйжасында мектептердин алдында 7358 бала окуган мектепке чейинки 100 билим берүү мекемелери ачылган. 2018-жылы Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 10 миң баланы камтыган 120 бала бакча ачылды. Ушул тапта багыты боюнча пайдаланылбаган бала бакчалардын имараттары кайрадан инвентаризацияланууда. Мунун натыйжасында 85 имаратты мамлекеттик органдар ээлеп алганы аныкталды. Эгерде булар бала бакчаларга кайтарылып берилсе, бул 50 миңден ашык баланы мектепке чейинки билим берүү менен камтууга шарт түзөт. Бүгүнкү күндө мурдагы балдар бакчаларынын имараттарынын 209нун ичинен кайтарылган 177 балдар бакчасы кайрадан пайдаланууга тапшырылды.
Жалпы билим берүү тармагындагы абал тууралуу айтып жатып, Өкмөт мүчөсү Гүлмира Кудайбердиева 2148 мамлекеттик жана муниципалдык мектептер долбоордук кубаттуулугу боюнча 813 миң орунга гана ылайыкталгандыгын маалымдады. Учурда аларда 1222,7 миң окуучу билим алат, же болбосо 410 миң бала белгиленген өлчөмдөн көп дегенди туюундурат. А шаарларда окуучулардын санынын жогорулашы 25 пайызды түзсө, а элет жергесинде 14 пайызды чапчыды. Кыргызстанда акыркы 5 жылда 282 мектеп курулду, жыл сайын курулуш уланууда. 2017-2018-окуу жылында жаңы 26 мектеп ишке берилген. Республика боюнча 200 жаңы мектепке муктаждык бар.
Андан сойң мамлекет башчысы республикадагы мектептердин авариялык абалын, же мектеп жетишпеген жерлерди мониторинг кылып, аларды оңдоп-түзөө, жаңы мектептерди куруу боюнча кечиктирилгис чараларды жүргүзү. же аларды оптималдуу жана натыйжалуу колдонуу керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары жаңы мектептерди куруу ар бир шаар, район, айылдын демографиялык абалына жараша анализ жүргүзүлгөндөн кийин, ар бир жылга жана келаткан беш жылга жасалган божомолдун негизинде болушу керектигин дагы кошумчалады. Шаарларда жана айылдарда бош жаткан имараттарды бала бакча катары пайдалануу жана толук комплектелбеген мектептерде «бала бакча — мектеп» комплекстерин кеңейтүү зарылдыгын дага баса белгиледи. Комплектелбеген баштапкы адистик-техникалык уюмдардын базасында мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн кесипкөйлүк жана маалыматтык-коммуникациялык жөндөмүн арттыруу үчүн «Жаңы жогорку мектепти» түзүү керек. Өлкөнүн бардык аймактарында так илимдер-математикалык багыттагы мектептердин тармагы өнүгүшү зарыл! Президент ошондой эле акыркы мезгилде басмаканадан чыккан окуу китептеринин сапатынын төмөндүгүнө дагы басым жасады. Окуу китептерин басып чыгарууга системдүү мамиле керектигин какшады. Окуу китептерин иштеп чыгуу, басып чыгаруу, таратуу үчүн сапатын көзөмөлдөө, белгиленген стандарттарды жана процедураларды так сактоо, бюджеттик жана донорлук акча каражаттарын колдонуу алдын ала пландалып, ишке ашуусу керек!
Бул жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков окуу китептерин басып чыгарууда жемкорлдук тобокелчиликтерди жоюу зарылдыгын дагы баса белгиледи. Ошондой эле жогорку окуу жайлардагы жемкорлукка каршы ырааттуу түрдө күрөшүү жана өлкөнүн болочок адистерин даярдоо сапатын жогорулатуу талабын дагы катуу койду.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУ МЫНДАН АРЫ ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖдору МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.