Аймак

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ӨЗБЕКСТАНДЫН ӨНӨР ЖАЙ ИШКАНАЛАРЫН КЫДЫРДЫ

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ӨЗБЕКСТАНДЫН ӨНӨР ЖАЙ ИШКАНАЛАРЫН КЫДЫРДЫ

 1,470 Бардыгы /

ТАШКЕНТ. Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигинин демилгеси аркасында Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана жер ресурстарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев жетектеген делегация Өзбекстандын өнөр жай ишканаларын кенен-чонон кыдырышты.

Кыргыз делегациясы Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков, айыл чарба министри Жамшид Ходжаев, экономики жана өнөр жай министринин орун басары Умиджан Салимов, инвестиция жана соода министринин орун басары  Бадриддин Абидов, “УзТекстильПром” Бирикмесинин төрагасы  Илхом Хайдаров, “УзАгротехсаноатХолдинг” акционердик коомунун төрагасы Мухтар Каримов, Өзбекстандын Соода-Өнөр жай Палатасынын төрагасынын орун басары Өткүр Бутаев,  “УзКимесаноат” акционердик коомунун төрагасынын орун басары Шавкат Набиев, “УзСтройматериалы” акционердик коомунун төрагасынын орун басары Бахтиер Бобокулов, ошондой эле Өзбекстандын Алмалык тоо-кен комбинатынын өкүлдөрү жана ишкерлер менен бетме-бет жолугушту. Мында биргелешкен ишканалдары куруу жатында дагы катуу сүйлөшүштү.

Соңунда эки тарап бир катар макулдашууларга кол коюшту. Ал эми Кыргыз делегациясы Өзбекстандын «Бакан Текс» жана «Узтекс Групп» комбнаттарынын иши менен дагы таанышып, айыл чарба техникаларын өндүргөн ишкананы бир сыйра көрүп чыгышты.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17