Аймак

БАТКЕН ОБЛУСУ МЕНЕН  JICA УЮМУ МЫНДАН АРЫ АР ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШАТ

БАТКЕН ОБЛУСУ МЕНЕН  JICA УЮМУ МЫНДАН АРЫ АР ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШАТ

 1,182 Бардыгы /

БАТКЕН. JICA уюмунун бүтүрүүчүлөрү бирикмеси уюштурган семинар-кеңешмеге Баткен облусундагы ишкерлер, мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү, ишкердикке кызыккан жарандар жана аталган бирикменин бүтүрүүчүлөрү катышты.

Бул жыйында JICA уюму тандаган транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү, айыл чарбасы жана айыл жерлеринде коомчулуктарды, адам ресурстарын өнүктүрүү аркылуу рынок экономикасына ылайыкташуу, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго байма-бай тартуу, медициналык тейлөөлөрдү азыркыдан дагы жакшыртуу, Борбор Азия өлкөлөрнүн ортосундагы аймактык кызматташтыкты арттырууга көмөктөшүү багыттары боюнча долбоорлордун үстүндө ырааттуу иш алып баруу боюнча сунуштар ортого салынды.

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова аталган уюмдун жетекчилигине ыйгарым укуктуу өкүлдүн атынан ыраазычылык катын тапшырды. Анан дагы баалуу эстелик белектерин дагы тартуулады.

            Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун аймагында өндүрүлгөн экологиялык жактан таптаза айыл чарба продукциялары көргөзмөгө коюлуп, коноктордун кызыгуусун арттырды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17