Аймак

ЕККУНУН СӨЗ ЭРКИНДИГИ БОЮНЧА ӨКҮЛҮ ЖЕНЕВАДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СӨЗ ЭРКИНДИГИН ТАЛКУУЛАДЫ

ЕККУНУН СӨЗ ЭРКИНДИГИ БОЮНЧА ӨКҮЛҮ ЖЕНЕВАДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СӨЗ ЭРКИНДИГИН ТАЛКУУЛАДЫ

 1,349 Бардыгы /

ЖЕНЕВА. Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү Бакыт Жусупов ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир менен жолугушуп, Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндигинин өнүгүү маселелерин кең-кесири талкуулашты.

ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир 2018-жылдын декабрында өзүнүн “Борбор Азиялык соттордун диалогунун” биринчи аймактык жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга жасаган иш сапары тууралуу кенен ой бөлүштү. Андан ары тараптар Кыргыз Республикасынын позитивдүү деп бааланган сөз эркиндигинин жана массалык маалымат каражаттарынын өнүгүүсү тууралуу ачык кеп салышты. Мындан тышкары 2019-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган биргелешкен иш-чараларды, мунун ичинде ЕККУнун Борбор Азия медиа конференциясы камтыган пландарды кеңири талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү Бакыт Жусупов Кыргыз Өкмөтү өлкөдөгү сөз эркиндигин бекемдөөгө зор маани берээрин жана мындан ары дагы ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлдөрү менен тыгыз менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17