Аймак

ТАЖИКСТАНДА БИЙЛИКТЕГИ ПАРТИЯГА МҮЧӨ БОЛГОНДОРДУН САНЫ 500 МИҢГЕ ЖАКЫНДАДЫ

ТАЖИКСТАНДА БИЙЛИКТЕГИ ПАРТИЯГА МҮЧӨ БОЛГОНДОРДУН САНЫ 500 МИҢГЕ ЖАКЫНДАДЫ

 1,224 Бардыгы /

Президент Эмомали Рахмон башкарган Тажикстандын элдик демократиялык партиясы мүчөлөрүнүн саны дээрлик жарым миллионго жеткенин билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө партиянын 460 миңден ашык мүчөсү бар. Алардын 220 миңи аялдар болсо, 176 миңин 30га чыга эле жаштар түзөт.

Анткен менен жергиликтүү серепчилер партия мындай көрсөткүчкө административдик басымдын аркасы менен жетишкенин айтышууда.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген мугалимдердин биринин айтымында, ал партияга директордун мажбурлоосу менен кирген. «Директор билим берүү башкармалыгынан мугалимердин баары президенттин партиясына кириши керектиги тууралуу көрсөтмө келгенин айтты. Биз эч нерсе дебестен партияга кирдик. Азыр ай сайын мүчөлүк акы катары айлыгыбыздан кармап алып турушат», — деди ал.

Тажикстанда бийликтеги Элдик демократиялык партиядан тышкары дагы алты саясий партия бар (Агрардык, Демократиялык, Коммунисттик, Экономикалык реформалардын партиясы, Социал-демократиялык жана Социалисттик). Алардын эң ириси Коммунисттик партия, анын 35 миң мүчөсү бар.​

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17