Аймак

ОШТУН МЭРИ ОЮН АЛДЫНДА “АЛАЙ” КОМАНДАСЫНА 100 МИҢ СОМ ТАПШЫРДЫ

ОШТУН МЭРИ ОЮН АЛДЫНДА “АЛАЙ” КОМАНДАСЫНА 100 МИҢ СОМ ТАПШЫРДЫ

 1,410 Бардыгы /

20-февралда шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов КРнын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов жана “Алай” футболдук клубунун курамы менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат борборунан билдиришти.

Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, КРнын футбол федерациясынын өкүлдөрү, “Алай” командасынын жетекчилери, машыктыруучулары жана оюнчулар катышты. Т.Сарыбашов «Алай» футбол клубунун оюнчулары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн футбол клубдарынын катарын толуктап, татыктуу оюндарды көрсөтүп жаткандыгы өзгөчө сыймыктуу экендигин билдирди.

-“ Шаардын мэриясы мүмкүн болушунча клубду камкордукка алуунун, каржылоону көбөйтүүнүн аракеттерин көрүп келе жатат. Алдыда сиздерди Азия конфедерациясынын кубогу үчүн Түркмөнстандын “Ахал” командасы менен болгон мелдеш күтүп жатат. Бул мелдеште “Алай” командасы өзүнүн жеңиши менен жалпы күйөрмандарын кубантат деп терең ишенүү менен ийгилик каалайм”,-деди шаар жетекчиси.

Жыйындын жүрүшүндө “Алай” командасы 2018-жылы өлкөнүн вице-чемпиондук наамына ээ болгондугу үчүн сыйлоо аземи болду. Анда КРФФнын президенти Канатбек Маматов кулубдун президенти катары Таалайбек Сарыбашовго жана команданын жалпы курамына вице-чемпиондук медалдарды жана 280 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Ал эми Ош шаарынын мэри “Алай” клубунун вице-президенти Сеитбек Аматовго, командага 100 миң сом акча каражатын тапшырды. Ошондой эле, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов “Алай” командасына Түркия мамлекетинин Анталия шаарына окуу-практикасына барып келүү үчүн жолдомо берди. Мындан сырткары,“Алайдын” чабуулчусу Жоел Кожого ТОП-Лигада 26 гол киргизгендиги үчүн “Мыкты бомбордир” наамы ыйгарылды.

Айта кетсек, “Алай” 2013-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чемпиондук титулду жеңип, андан кийин 2015-2016-2017-жылдары катарынан Өлкөбүздүн чемпиону аталган.

“Аймак”

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17