Аймак

ТАШКЕНТТЕ КАМБАР-АТА-1 ГЭСИН КУРУУ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ӨТӨТ

ТАШКЕНТТЕ КАМБАР-АТА-1 ГЭСИН КУРУУ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ӨТӨТ

 1,014 Бардыгы /

Жакында Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жумушчу топ Ташкентке барат. Бул тууралуу парламент жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.

Анын айтымында, жумушчу топ 2018-жылдын аягында түзүлгөн.

«Бул маселе боюнча алдын ала телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Андан соң биринчи вице-премьердин катышуусу менен талкууланган», — деди Кадырбаев.

​2017-жылдын 5-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча кыргыз тараптын сунушун колдой турганын жарыялаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17