Аймак

АЛМАТЫДА АКИМДИН ЖЫЙЫНЫ БАШТАЛАРДЫН АЛДЫНДА АКТИВИСТТЕР КАРМАЛДЫ

АЛМАТЫДА АКИМДИН ЖЫЙЫНЫ БАШТАЛАРДЫН АЛДЫНДА АКТИВИСТТЕР КАРМАЛДЫ

 1,075 Бардыгы /

Алматынын акими Бауыржан Байбек отчёт бере турган Республикалык сарайдын алдында бир нече активист кармалды. Бул тууралуу активисттер өзүлөрү социалдык түйүндөр аркылуу билдиришти.

Алар алгач кесиптеши Андрей Бузыкин полиция тарабынан кармалганын жазышты.

Жергиликтүү полиция бөлүмүнөн Андрей Бузыкин кармалганын ырастап, бирок анын себептерин айтышкан жок. Бузыкин 2015-жылы дагы аким отчёт бере турган жыйындын алдында кармалып, түшүнүк кат жазгандан кийин бошотулган.

Укук коргоочу Ерлан Калиев Facebook баракчасына акимдин жыйыны өтө турган Республика сарайынын жанында аны полиция кызматкерлери кармап кеткенин жазды.

Активист Марат Турымбетов болсо укук коргоо кызматкерлери аны полиция бөлүмүнө алып кетүүгө аракет кылып жатышканын жазып, полициячылар менен алардын автоунаасынын сүрөттөрүн жарыялады. Социалдык түйүндөргө бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген Турымбетов буга чейин ага карата «Зордуктоо аракети» беренеси боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирген. Анда ал айыптоолорду четке кагып, кеп эки жыл мурдагы окуя жөнүндө болуп жатканын айткан.

Liberty коомдук фондунун башчысы Галым Агелеуов Республика сарайынын залында «көмүскө риэлторлорго» каршы күрөш жүргүзүп келгендиги менен белгилүү активист Юрий Маленький кармалганын жазды.

Былтыр дагы аким отчёт бере турган күнү Республика сарайына кирүүгө аракет кылган бир нече жарандар менен активисттер кармалган. Анда аларга эч кандай айып тагылбастан эле бир нече сааттан кийин бошотулган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17