Аймак

КАРАКАЛПАКСТАНДА ОКУУЧУЛАР ТАРАБЫНАН ЗОРДУКТАЛГАН 16 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫН БОЮНА БҮТҮП КАЛГАН

КАРАКАЛПАКСТАНДА ОКУУЧУЛАР ТАРАБЫНАН ЗОРДУКТАЛГАН 16 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫН БОЮНА БҮТҮП КАЛГАН

 1,586 Бардыгы /

Каракалпакстандын Чимбай районундагы мектептердин биринде окуган 16 жаштагы кыздын боюна бүтүп калган. Анын туугандары кыз мектептин окуучулары тарабынан зордукталганын билдиришүүдө.

Мектептин өкүлдөрү кыздын боюнда бар экенин жакында эле билишкенин айтышты. «Ал кышкы каникулдан кийин сабактарга келбей калды. Алгач анын ооруп жатканын айтышкан, бирок кийинчерээк 5 айлык боюнда бар экени белгилүү болду», — деди мугалимдердин бири.

Кыздын туугандарынын айтымында, ата-энеси анын боюнан алдырууга аракет кылышкан. «Алар кызын жеке клиникаларга алып барышты, бирок кеч болуп калыптыр. Азыр аны Казакстандагы туугандарыныкына жөнөтүп жиберишти», — деди ал.

Мектептин айрым мугалимдери менен кыздын туугандары бийлик «бул ишти жаап-жашырууга аракет кылып жатканын» билдиришүүдө.

Журналисттердин суроолорунан кийин 13-февралда ички иштер жана прокуратура органдары бул ишти иликтөө үчүн Чимбай районуна барышканы белгилүү болду.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 13-февралда кыздын зордукталышы фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17