Аймак

НАТО: ПУТИНДИН ӨНӨКТӨШТӨРҮН КОРКУТУШУ ОРУНСУЗ

НАТО: ПУТИНДИН ӨНӨКТӨШТӨРҮН КОРКУТУШУ ОРУНСУЗ

 832 Бардыгы /

Орусия президентинин НАТОдогу союздаштарын опузалашы орунсуз.  Бул тууралуу аскердик альянстын өкүлү Владимир Путиндин Федералдык кеңешке жолдогон кайрылуусуна комментарий берип жатып билдирди.

Путин эгер Кошмо Штаттар Орто жана кыска аралыктагы ракеталар жөнүндөгү келишимден чыкса, Орусия ракеталык системаларын кеңейтерин айткан. Путин ал АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн аймагына багытталышы мүмкүн экенин кыйыткан.

НАТО Вашингтондун ракеталар жөнүндөгү келишимден чыгышына Орусия жооптуу деп билдирди. Түндүкатлантикалык биримдик Москваны макулдашуунун шарттарын аткарууга чакырды.

Аскердик альянс курал-жарак боюнча жарышууга ниети жок экенин жана Европада жаңы өзөктүк куралды жайылтууга аракет жасабай турганын белгиледи.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17