Аймак

ТИМдин АКАДЕМИЯСЫ ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА АТАЙЫН ИШ-ЧАРА УЮШТУРДУ

ТИМдин АКАДЕМИЯСЫ ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА АТАЙЫН ИШ-ЧАРА УЮШТУРДУ

 1,347 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ТИМдин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиясы менен биргеликте “Эл аралык эне тил күнүнө”карата иш-чара уюштурду.

Бул иш-чарага Тышкы иштер министрлигинин жана Дипломатиялык академиясынын кызматкерлери, магистранттары жана угуучулары катышты. Катышуучуларга «Эл аралык эне тил күнү», бул майрамдын жаралуу тарыхы, мамлекеттик тил, дүйнө жүзүндө кеңири жайылган тилдер тууралуу тушоо кесүү тартууланып, четтилдерди, анын ичинде англис тили менен араб тилин үйрөнүүдөгү артыкчылыктар туурасында сонун маалыматтар берилди.

ОШентип, “Эл аралык эне тил күнүнө” карата иш-чара достук маанайда өттү. Анын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан берилген ар кандай суроолорго жооптор дагы берилди.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17