Аймак

ЖАМУда 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТИЛДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ЖАМУда 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТИЛДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 5,591 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк эне тилдер күнү. Ага ылайык бул майрам ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили кафедрасы тарабынан белгиленди.

Фестивалда университеттин факультет, колледждеринде окуган ар түрдүү улуттун өкүлдөрү  кыргыз, орус, өзбек, тажик, англис, немец, кытай, индия элдеринин эне тилин, маданиятын, каада-салтын даңазалашты.

“21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата иш-чаралар үзгүлтүксүз жыл сайын уюштурулуп келе жатат. Биздин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасы тарабынан уюштурулган иш-чарага университетте окуп жаткан ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү өздөрүнүн эне тилин даңазалоо багытында даярданып келген долбоорлорун көрсөтүштү.

Ким барктаса өз энесин, өз тилин, барктай билет дүйнө элинин көп тилин деп –Б.Сарногоев айткандай, бул иш-чара негизинен түрдүү улуттардын ортосундагы ынтымакты, достукту  чыңдоо максатын көздөйт. Ошондой эле жаштардын өзүнүн эне тилин сүйүүгө ага күйүүгө болгон сезимин андан ары күчөтөт”, –  дейт кыргыз тили кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Гүлжан Бакирова.

Кошумчалай кетсек, Бүткүл дүйнөлүк эне тил майрамын белгилөө 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан негизделип, 2000-жылдан тартып майрамдалып келүүдө.

 

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17