Аймак

ТАЖИКСТАНДА КАЙРАДАН ДОЛЛАР ТАРТЫШТЫГЫ БАЙКАЛУУДА

ТАЖИКСТАНДА КАЙРАДАН ДОЛЛАР ТАРТЫШТЫГЫ БАЙКАЛУУДА

 1,163 Бардыгы /

Тажикстандын банк мекемелериндеги доллардын тартыштыгынан улам көмүскө базарда америкалык валютанын курсу жогорулап кетти.

20-февралда өлкөдөгү үч банк менен кичи каржы уюмдары бир адамга 200 доллардан ашык сатууга чектөө киргизишкенин билдиришти. Мындан улам өлкө жарандары доллар алууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын айтышууда.

Тажикстанда 2016-жылы коммерциялык банктар менен кичи каржы уюмдары валюта алмаштырууда өзгөчө укуктарга ээ болушкан. Бүгүнкү күндө алардын айрымдарында 100 доллар 944 сомониден сатылууда. Ошол эле маалда көмүскө валюта базарында 100 долларды 980 сомониге гана сатып алууга болот.

Өлкөнүн Улуттук банкы учурда доллар сатууда эч кандай чектөөлөр жок экенин жана банктар менен насыя мекемелери кардарларынын суроо-талаптарын каржы мүмкүнчүлүктөрүнө жараша канааттандырып жатышканын билдирди. Мекеме жакында эле Тажикстан күн сайын накталай түрдө 24 миллион АКШ долларына муктаж экенин кабарлаган.

Өлкөдөгү банктар башкы каржы көзөмөл уюму биринчи кезекте чет өлкөлөрдөн күнүмдүк турмушта керектелчү товарларды алып келген ишкерлерди доллар менен камсыз кылуу тапшырмасын бергенин айтышты. Бирок айрым бизнесмендер банктар бул тапшырманы аткарбагандыктан, доллар сатып ала албай жатышканын билдиришүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17