Аймак

ТАШКЕНТЕ КАЗАКСТАНДЫН АЙМАГЫ АРКЫЛУУ ГАЗ ЖЕТКИРИЛЕ БАШТАДЫ

ТАШКЕНТЕ КАЗАКСТАНДЫН АЙМАГЫ АРКЫЛУУ ГАЗ ЖЕТКИРИЛЕ БАШТАДЫ

 976 Бардыгы /

Казакстан өз аймагы аркылуу жаратылыш газын Ташкентке өткөрө баштады. Бул тууралуу 20-февралда Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев билдирди.

Маалыматка караганда, жаратылыш газын Казакстан аркылуу берүү кышкы мезгилде Ташкенттеги энергетикалык балансты сактайт. Ошол эле маалда Казакстандын түштүгү көгүлтүр отун менен камсыз болот.

«Транзиттик тарифтер 1 миң куб метр газ үчүн 2,9 долларды түзөт. Бул тең укуктук негизде, анткени Казакстан өзбек транзити аркылуу өзүнүн түштүк аймактарын дагы газ менен камсыз кылууда», — деп билдирди Бозумбаев.

2018-жылдын аягында «Узтрансгаз» жана «КазТрансГаз» компаниялары алгачкы жолу Казакстандын аймагы аркылуу Ташкентке жаратылыш газын жеткирүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Ага ылайык, өзбек газынын бир миллиард куб метр газы Газли – Чимкент жана Бухара – Газли – Ташкент – Бишкек – Алматы магистарлдык газ куурлары аркылуу Ташкентке жеткирилиши керек.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17